Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары дипломатиялык миссиям аяктап баратат.

2409

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу достор!

 

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары дипломатиялык миссиям аяктап баратат.

Элчи болуп дайындалгандан бери бардык аракетим эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталды.

Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам дүйнө кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп, адамдардын ишмердүүлүгү жана экономикалык активдүүлүгү олуттуу чектетилди.

Бирок мындай жагдайларга карабастан, биз эки тараптуу саясий кызматташтыкты жөндөндүрө алдык. Атап айтканда, Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён менен Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстанга болгон иш сапарларын жана башка расмий делегациялардын өз ара сапарларын белгилеп кетким келет.

Ошондой эле эки тараптуу экономикалык мамилелерди кеңейтүү, Кыргызстанга инвестицияларды жана туристтерди тартуу, кыргыз продукциясын Кореяга экспорттоо боюнча иштер улантылды.  Өткөн жылы 112 млн. 990 миң доллар соода обороту менен рекорддук көрсөткүчкө жеттик.

Түз авиакаттамды ачуу боюнча иштер улантылып, быйыл ишке ашырылат деп терең ишенем.

Мен Элчи болуп иштеп турганда биздин Элчилик тарабынан себилген «үрөндөр» жакынкы аралыкта өнүп чыгат деген үмүттөмүн.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгиледик. Кыргызстан менен Корея элдеринин ортосунда калыптанып, чыңдалган достук мамилелери саясий, экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты мындан ары да илгерилетүү үчүн жакшы негиз түздү.

Түштүк Кореядагы кызматымда бул жерде жашаган мекендештеримдин чоң колдоосун жана жардамын ар дайым сезип жүрдүм. Чоң ыраазычылыгымды билдирем!

Кореядагы жарандарыбыздын күжүрмөн эмгеги, Кореяда алган тажрыйбасы жана билими Кыргызстандын өнүгүшүнө түздөн-түз салым кошот деп ишенем.

Учурдан пайдаланып Түштүк Кореядагы мекендештерибизге, тактап айтканда Эмил Калиловго, Шерзод Закировго, Нарынбек Кутбидиновго, Гүлшайыр Надырбековага, Асыл Төлөнбаевага, Айсулуу Аширалиевага, Болот Сулаймановго, Адыл Садыровго, Замир Мединовго, Урпиян Жанга, Аида Пакка, Айдай Жумашевага, Айпери Бердибековага, Бектурсун Алыбаевге жана башка бардык активисттерибизге кыргыз-корей достугун илгерилетүү жана кеңейтүү, Кыргызстандын кызыкчылыгын, кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иштери үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Барыңыздарга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик каалайм, өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү болсун!


 

Чын жүрөктөн,

 

Динара Кемелова

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK