Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исмаилованын Корея Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен жолугушуусу

2038

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен жолугушту.

Элчи А.Исмаилова Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү. Элчи Корея Республикасындагы кыргыз диаспорасы менен Элчиликтин тыгыз кызматташтыгын улантуу зарылдыгын белгиледи.

Инвестициялык жагымдуулукту жайылтуу, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү, Корея Республикасындагы көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу боюнча түрдүү иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле, Элчи Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданий иш-чараларды уюштурууга активдүү катышууга чакырды.

Элчи А.Исмаилова диаспоранын өкүлдөрүнө жана активисттерге Элчилик менен кызматташкандыгы, ошондой эле Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам жана көмөк көрсөтүү боюнча иштерине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу учурунда, достук маанайда, мекендештер талкууга активдүү катышып, ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер талкууланды. Мекендештер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, Элчиликтин мындан аркы иши боюнча сунуштарын айтышып, диаспора менен Элчиликтин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да улана беришине тилектештигин билдиришип, ошондой эле дайындалган Элчинин демилгени колго алып, өзүнүн тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшкөнүнө кубанычта болушту.

Буга чейин, Элчи Инчхон шаарында бизнес тармагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Корея Республикасында жүрүүсү, эмгек миграциясы, кыргыз диаспорасынын Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын экспорттук жана туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга катышуусу, ошондой эле экономикалык дипломатия боюнча пландар жана жетишкендиктер талкууланды.

Элчи А.Исмаилова эки өлкөнүн ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө ишкерлердин кошкон салымын белгилеп, Элчилик менен диаспоранын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK