Кыргыз Республикасынын Элчиси Түштүк Кореянын «T'Way» авиакомпаниясынын президенти менен «Бишкек-Инчхон» түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады

2887

2022-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён башында турган делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул жолугушууда тараптар Бишкек-Инчхон-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Түштүк Кореянын авиакомпаниясына пандемия учурунда эки өлкөнүн жарандарын ташууга жана гуманитардык жардамды жеткирүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенине жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгына белгиледи.

Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Ёнг Хонг Гён, компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу, анын ичинде Кыргызстандын пландуу каттамдары кийинкиге жылдырылганын билдирди. Учурда 29 учактын ичинен 7 гана учак ар кайсы багытта учаарын билдирди. Ошондой эле, 2022-жылдын сентябрь айында алыскы учуу үчүн жаңы учактарды алуу пландалууда, алар авиациялык коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүшү керек жана Президенттин пикиринде, Кыргызстанга туруктуу каттамдар 2023-жылы башталышын пландалууда болгонун билдирди.

T’Way президенти, авиакомпания туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар жана кийинки чартердик рейс 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырылганын билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү болорун белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK