Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын жетекчиси менен жолугушту

1630

2022-жылдын 28-июнунда Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (World Taekwondo) башчысы Чо Чонг Вон менен жолугушуу өткөрдү.

Дүйнөлүк таэквондо федерациясынын жетекчиси Кыргызстандын курама командасынын спортчулары таэквондо боюнча Азия чемпионатына чакырылганын белгиледи. Жакында Кыргыз Республикасы таэквондо боюнча келечектеги Олимпиада чемпиондорун өстүрүшүнө жана тарбиялашына ишенимин билдирди.

Элчи Кыргыз Республикасы өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп кетти, өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын жетекчисин Кыргызстанда таэквондону өнүктүрүүгө катышууга жана таланттуу спортчуларга, Кыргызстандын жаштарына Таэквондо боюнча Олимпиада чемпиону болуу кыялын ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Тараптар спорт тармагындагы кыргыз-корей мамилелерин өнүктүрүүгө өз ара кызыккандагын билдиришти жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн, атап айтканда, квалификациялуу машыктыруучу кадрлар менен баса белгилешти. Ошондой эле Кыргыз Республикасында таэквондону өнүктүрүүгө өз ара аракеттенүү жана колдоо көрсөтүү маселелери жана Кыргызстандын курама командасын Азия жана Дүйнө чемпионаттарына жана 2024-жылкы Олимпиада оюндарына даярдоо маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK