КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Корея телеком корпорациясынын башкы аткаруучу директору Хёнмо Ку менен жолугушту

1319

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында 2022-жылдын 24-октябрында Сеул шаарында Korea Telecom Corporation (KT) компаниясынын Аткаруучу директору Хёнмо Ку менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен КТ корпорациясынын ортосундагы кызматташтык активдешкенин, тактап айтканда, 2022-жылдын башында Бишкекте компаниянын өкүлчүлүгү ачылганын жогору баалашып, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кореялык компаниянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстанда санариптештирүү тармагындагы адам ресурстарынын потенциалын жогорулатууга багытталган IT-борборун түзүү долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Аткаруучу директор Хёнмо Ку өз кезегинде компания кыргыз тарап менен ийгиликтүү кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, КТ корпорациясынын делегациясынын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасына пландалган иш сапары жана анын жүрүшүндө санариптештирүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде "Соода кызматтарын көрсөтүүчү провайдерди" түзүү долбоорун талкуулоо пландаштырылгандыгы тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK