Талас облусунун тургундары Корея Республикасына сезондук айыл чарба жумуштарына келишти

1079

2022-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Инчхон эл аралык аэропортунан Кореяга 5 айлык мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштарына келген Талас облусунун тургундарын тосуп алышты. Корей тараптан жарандардын жолугушуусуна Кочанг районунун администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, жарандарды ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигин иштеп чыгуусунун жана жардамынын натыйжасында мүмкүн болду. Буга чейин, 2022-жылдын 18-июнунда Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, Талас облусунун жана Корея Республикасынын Кочанг районунун ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга ишке орноштуруу боюнча макулдашууга кол коюлган.  

Жолугушуу учурунда жарандарга Корея Республикасынын аймагында жүрүү эрежелери жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык виза режимин сактоо зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK