Кыргызстандын элчиси А. Исмаилова Кунпхо шаарынын мэри Ха Ын Хо мырза менен жолугушуп, боордош байланыштарды жана эки тараптуу аймактар аралык мамилелерди түзүү маселелерин талкуулады

709

2023-жылдын 6-январында Кыргызстандын элчиси А.Исмаилова Кунпхо шаарынын мэри Ха Ын Хо мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар боордоштук байланыштарды түзүү, Кунпхо шаарынын заводдорунда жана фабрикаларында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу жана эмгек потенциалын илгерилетүү, ошондой эле кыргыз тарап сунуш кылган долбоорлорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу маселелерин талкуулашты.

Элчи А.Исмаилова Кыргызстандын шаарлары жана облустары менен өз ара пайдалуу кызматташуунун ар түрдүү тармактарында, атап айтканда туризм, айыл чарба, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, энергетика жана башка тармактарда кызматташууну сунуштады. Ошондой эле Кунпхо шаарынын мэри Ха Ын Хо мырзага Кыргызстанда бир катар инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору сунушталды.

Өз кезегинде Кунпхо шаарынын мэри Ха Ын Хо мырза Кыргызстандын жарандарын кеңири жалдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Кыргызстандын аймагында жарандарды корей тилине окутуу, ошондой эле Корея Республикасында Е-7 категориядагы виза боюнча жумушка орношуу үчүн адистерди даярдоо максатында билим берүү мекемесин ачуу мүмкүндүгүн карап жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын шаары менен боордоштук байланыш түзүү ниетин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууга, ошондой эле коюлган максаттарга жетүү үчүн туруктуу байланыштарды кармап турууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK