Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тез жардам унааларын расмий тапшыруу аземи

320

2023-жылдын 26-октябрында Корея Республикасынын Кёнгидө провинциясынын Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынан тез жардам унааларын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигине расмий түрдө өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы бул долбоор Корея Республикасынын расмий өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул долбоорлорго тез жардам жана өрт өчүрүүчү унааларды берүү үчүн гранттык жардамдар кирет. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлиги үчүн көрсөтүлгөн тез жардам унаалары Кыргызстанга 2023-жылдын башында келет.

Бул салтанатка Корея Республикасынын Кёнгидө провинциясынын Администрациясынын өкүлдөрү да катышты.

Кыргызстандын Элчилиги менен Корея Республикасынын Өрткө каршы улуттук Агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 2022-жылы Кёнгидө провинциясынын Өрткө каршы кызматынын башкармалыгынан Кыргызстандын медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдыктары бар 4 тез жардам унаасы алынган.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги мындан ары Корея Республикасынын Кёнгидө провинциясынын Өрткө каршы кызматы менен кызматташууну улантууну пландаштырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK