Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кемёнг Университетинин Ардактуу доктору наамын Кыргыз Республикасынын жаранына тапшыруу аземине катышты

233

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Аида Исмаилова 2023-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын жаранына, Кыргызстандагы кореялыктардын коомдук бирикмесинин Президенти Вячеслав Ханга Кемёнг Университетинин Ардактуу доктору наамын тапшыруу аземине катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Университеттин Президенти Син Илхи Вячеслав Хандын Кыргызстандагы этникалык корейлерди бириктирүүгө жана алардын өздүгүн сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий алмашууну өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Маалымдама: Кыргыз Республикасында 17 миңге жакын этникалык корейлер жашайт, алардын диаспорасы эӊ көптөрдүн бири болуп саналат. Алардын арасында көптөгөн белгилүү окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана ири ишкерлер бар.

Буга байланыштуу Кемёнг Университетинин аспиранттар комитети Кыргызстандагы корейлер коомдук бирикмесинин Президентинин жетишкендиктерин жана салымдарын баалап, Университеттин уставына ылайык Вячеслав Ханга юридика илимдеринин ардактуу доктору наамын ыйгарууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK