Элчи А. Исмаилова Сонгонгхэ университетинин проректору Джин Йонгджон менен жолугушту

255

2023-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Сонгонгхэ университетинин проректору Джин Йонгжон менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Исмаилова бүгүнкү күндө Корея Республикасында Кыргызстандан 900гө жакын студент билим алып жатканын жана бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатканын маалымдады. Бул контекстте кореялык жана кыргыз ЖОЖдорунун ортосунда кызматташуусун жолго коюунун маанилүүлүгүн белгилеп, университеттер ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу маселесин изилдөөнү сунуштады.

Джин Йонгджон өз кезегинде Сонгонгхэ университети санариптик маркетингди окутууга адистешкенин маалымдады. Ошону менен бирге университетте Кыргызстандык студенттер да билим алып жатканын белгилеп, алардын санын көбөйтүүгө жана кыргызстандык окуу жайлар менен кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү тармагында мындан аркы кызматташууну бекемдөөнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK