Түштүк Кореядагы Кыргызстандын  Элчиси  Кореядагы эл аралык подрядчиктер Ассоциациясынын Тɵрагасы менен инфраструктура долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкулашты

7346

2020 жылдын 14 февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Кореядагы эл аралык подрядчиктер Ассоциациясынын (Международная Ассоциация подрядчиков - МАП) Тɵрагасы Ли Кун Ки мырза менен жолукту.

Жолугушуу учурунда «Камбар-Ата 1» ГЭСин улуттук долбоорун, чек ара аймактардагы соода-логистикалык борборлорду, эркин экономикалык зонаны, Ысык-Кɵлдɵгʏ мейманканакаларды куруу, аймактык аэропортторду модернизациялоого жана бир топ долбоорлор жөнүндө талкуу болду.

Д.Кемелова корей тарапты туристтик инфраструктураны жакшыртууга катышууну сунуштады.

Жооп катары Кореялык МАПтын Тɵрагасы Кыргызстанга жумуштук сапары менен келгенин жылуулук менен эстеп,  болгон кызыгуусун айтты жана ɵзʏ тараптан Кореянын компанияларынан Кыргызстанга инвестиция тартууга жардам берʏʏгɵ даяр экенин айтты. Бизнес-форум аянтчаларды тʏзʏп Кыргызстандык жана Кореялык компаниялардын ортосундагы алаканы тʏзʏʏ сунушту колдоду. 2020 жыл «тʏндʏк экономикалык кызматташтык жылы» деп жарыяланганына байланыштуу, Тʏштʏк Корея тараптан бир топ иш чараларды Кыргызстандын катышуусу менен ɵткɵрʏʏ пландаштырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK