Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды Корея Республикасынан Кыргызстанга алып келүү максатында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен T’Way авиакомпаниясынын чартердик рейси, Түштүк Кореянын «Kyrgyzstan Catering and Air Global» компаниясы тарабынан 2020-жылдын 2-сентябрында уюштурулду.

5964


Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Түштүк Кореянын төмөнкү уюмдарына жана жарандарына Кыргызстанга болгон гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирет:
1. Корея автономдук адилеттик соода Ассоциациясынын төрагасы Жён Хе Чун мырзага жана SkinnSkin Президенти Ли Хэ Иль мырзага.
2. Гуми шаарынын мэриясына (Корея Республикасы).
3. Ли Ок Рён айым башында турган "Корея Республикасы - Борбор Азия өлкөлөрү" Достук Ассоциациясына.
4. «Son&Moon» Президенти У Хан Ги мырзага.
5. Корея Материалдык эмес маданиятты изилдөө борборуна.
6. КР жараны Ким Артур мырзага.
7. Кванджу шаарындагы "Корея Маыль" Ассоциациясынын генералдык директору Шин Зоя айымга.
8. Түштүк Кореянын жараны Пак Чон Хи мырзага.
9. Педиатрия профессору Ён Эог Янг мырзага.
10. TTVenture компаниясынын Президенти Ким Хосонг мырзага.
11. Түштүк Кореялык ишкер Квон Чи Хо мырзага.
Кыргыз тарап жогоруда аталган Түштүк Кореянын уюмдарына, кыргыз жана корей жарандарына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө берген жардамын жогору баалайт жана бул жардам Кыргызстандын муктаж жарандарына жана медициналык мекемелерине багытталат деп ишенимин билдирет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK