Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси Кореянын Эксимбанкынын Президенти менен саламаттыкты сактоо жаатында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

4908

2020-жылдын 7-октябрында Сеулда Элчи Динара Кемелова Кореянын Экспорттук-Импорттук Банкынын Президенти Банг Мун Кю мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавируска каршы күрөшүү жана Кыргыз Республикасында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле тышкы карызды жеңилдетүү маселелерин талкуулашты.

Д.Кемелова медициналык шаймандардын, медициналык персоналдын жана жабдылган клиникалардын жетишсиздиги жөнүндө билдирди. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү бүгүнкү күндө артыкчылыктуу багыт болуп саналат деп маалымат берди. Ошондой эле, таза суу менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Кореянын Эксимбанкынын Президенти Кыргызстанга бир нече сапар менен келгенин жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кырдаалдан кабардар экендигин билдирди.

Ошону менен бирге, эки өлкөнүн эксперттеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү видеоконференция аркылуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK