Консул Ч.Аджиматованын Россиянын ТИМнин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Харлов менен жолугушуусу жөнүндө

1577

2022-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Чолпонай Аджиматова Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов менен жолугушту.

Жолугушууда маектештер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77-жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашып, кыргыз-орус аймактар ​​аралык мамилелерди, анын ичинде соода-экономикалык кызматташууну талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Уралдын борборунда боло турган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды, атап айтканда, Тогузунчу Кыргыз-Орус Региондор аралык конференциясын, Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Экинчи форумун, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер аялдарынын кызматташуу форумун даярдоого жана өткөрүүгө көңүл бурушту.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиянын Урал аймагында жүрүүсү, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, ошондой эле башка консулдук-укуктук сферадагы маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер бардык талкууланган темалар боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK