Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган жарандар үчүн жаңы алгоритм

3240

COVID-19 коронавирус инфекциясын, анын ичинде жаңы мутациаланган коронавирустун түрүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана жайылуусун алдын алуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү максатында, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө жаңыланган төмөнкү талаптар бекитилди.

Алгоритмге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар акыркы 72 сааттын (талдоого кан тапшырылган убакыттан тартып) ичинде жүргүзүлгөн коронавирус инфекциясы жок экендигин тастыктаган ПЦР тесттин натыйжаларын көрсөткөндөн кийин гана Кыргыз Республикасына учууга уруксат берилет.

Кыргыз Республикасына келгенден кийин, санитардык карантиндик пункттардын (СКП) кызматкерлери жүргүнчүлөр чек арадан өтүп жатканда ПЦР тесттин натыйжаларын текшеришет жана термометриядан өткөрүлөт.

Учактын бортунда бортпроводниктер жүрүнчүлөргө «Кыргыз Республикасына келүүчүнүн анкетасын» беришет, ал толтурулгандан кийин СКПнун кызматкерлерине кайра тапшырылуусу талап кылынат.

Учуу убактысынын узактыгы же кечеңдешине байланыштуу болгон объективдүү себептерден улам ПЦР тесттин мөөнөтү өткөн учурда (72 саат) Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде ПЦР тесттен өтүүсү зарыл (аэровокзалдарда).

Ошондой эле талаптар автранспорт аркылуу Өлкөгө келип жаткан жарандарга коюлат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын көзөмөлдөп-өткөрүү өтмөктөрүнөн «Кыргыз Республикасына келип жаткан жарандын анкетасы» толтурулат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө, расмий өкүлдөр тобунун мүчөлөрүнө (келе тургандыгы жөнүндө алдын ала ТИМ аркылуу маалымдаганда), эл аралык жүк ташуучу жана эл аралык жүргүнчүлөрдүн такай каттамдарын ишке ашырган айдоочуларга, ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда бараткан мектеп жашына жете элек өспүрүмдөргө (7 жашка чейин), өлкөдөгү шайлоо процессинин эл аралык байкоочуларына жогоруда аталган талаптар коюлбайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK