Эл аралык «ЛЕТО-2021» туристтик көргөзмөсүнө кыргыз делегациясы катышты

2467

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана колдоосу менен, кыргыз делегациясы 2021-жылдын 16-17-апрелинде Екатеринбург шаарында өткөн Эл аралык «ЛЕТО-2021» туристтик көргөзмөсүнө катышты.

Делегациянын курамына: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Ысык-Көл облусунун рекреациялык санаторий мекемелеринин өкүлдөрү кирди.

Кыргызстандын Башкы консулдугу менен Урал туризм ассоциациясынын макулдашуусуна ылайык, бул көргөзмөдө Ысык-Көл облусуна «Өнөктөш аймак» өзгөчө макамы берилди.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Э.Джантаев сөз сүйлөп, кыргыз делегациясынын мүчөлөрү көргөзмөнүн ар кандай бөлүмдөрүнө катышышты, пленардык жыйында, «Эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо» боюнча конференцияда жана ЖМК катышуусунда өткөн брифингде сөз сүйлөшүп, көргөзмөнүн катышуучуларынын жана конокторунун чоң кызыгуусун жараткан Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Мындан тышкары, делегациянын мүчөлөрү жана Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрү кызматташуу маселелери боюнча россиялык жана чет өлкөлүк кесиптештер менен көптөгөн жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар келишимдерди түзүүгө жана Россиянын телеканалдарына интервью бергенге жетишишти.

Кыргызстандын көргөзмө павильону Екатеринбургдагы кыргыз мекендештердин колдоосу менен Башкы консулдук тарабынан эң чоң, кызыктуу жана кооз жасалгаланып, көргөзмөнүн катышуучулары да, коноктору да көп келишти. Кыргыз павильонуна келгендердин бардыгына улуттук суусундуктар, боорсоктор жана кургатылган жемиштер тартууланды.

Кыргыз павильонунда чакан сүрөт көргөзмө уюштурулуп, жарнамалык брошюралар, туристтик компаниялардын жана рекреациялык санаторий мекемелердин таркатма материалдары кеңири сунушталып, анда ден-соолукту чыңдоо жана туризмдин башка түрлөрүн уюштуруу боюнча сунуштардын чоң тизмеси камтылды.

Кыргыз делегациясынын Эл аралык «ЛЕТО-2021» туристтик көргөзмөсүнө катышуусу (16-17-апрель), Челябинск облусунун туризм индустриясынын өкүлдөрү жана ири өнөр жай ишканаларынын кесиптик бирикмелери менен жолугушуусу (15-апрель), Екатеринбург-Тамчы (Ысык-Көл) аба каттамынын ачылуусу кызматташууну өркүндөтүүгө жана Урал аймагынан Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Бул көргөзмө Россия Федерациясынын Федералдык Туризм агенттигинин, Свердлов облусунун Инвестициялар жана өнүгүү министрлигинин, Россиянын Туриндустриясынын биримдигинин, расмий колдоосу менен Урал туризм ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, Россиянын аймагында эң ири регионалдык туристтик аянт катары таанылды. Көргөзмөгө Россиянын аймактарынан тышкары, россиялык жана чет өлкөлүк туристтик агенттиктер, Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK