2021-жылдын 7-июлундагы пресс-релиз

2298

2021-жылдын 7-июлунда, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россия Федерациясынын Челябинск облусунун делегациясы менен жолугушту. Делегацияны облустун Айыл чарба министринин орун басары Подшивалова И.Ю. баштап, Региондун муниципалдык түзүлүштөр ассоциациясынын аткаруучу директору, Урал туризм ассоциациясынын вице-президенти Решетов А.С., Челябинск облусунун Катав-Ивановский муниципалдык округунун башчысы Н.И.Шимановичтер коштоп келишти.  

Россиялык тарап Челябинск облусунун Өкмөтү тарабынан уюштурулган Эл аралык айыл чарба көргөзмөсүн 19-21-августта Челябинск шаарында өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады. Көргөзмөдө айыл чарба продукцияларынан тышкары, шаймандар жана ага байланыштуу өнөр жай продукциялары кеңири көрсөтүлөт.

Айыл чарба министринин орун басары Подшивалова И.Ю. облустун Өкмөтү көргөзмөгө катышуу үчүн расмий чакырууларды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине жөнөтүү ниетинде экендигин белгиледи.

Башкы консул Р.Бийбосунов көргөзмөгө чакыруу алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Башкы консулдук кыргыз тарапка чакыруу жөнөтүүгө жана делегацияны түзүүгө жардам көрсөтөөрүн билдирди.

Урал туризм ассоциациясынын вице-президенти А.Решетов өз аймагынын туристтик потенциалы жөнүндө кыскача маалымат берип, Челябинск облусунун жашоочулары үчүн ден-соолук туризми COVID-19 пандемиясы учурунда өзгөчө мааниге ээ экендигин, иммунитеттин бекемделишинин жана калыбына келтирүү процессинин негизги элементи катары баса белгиледи. Ал Челябинск облусунун делегациясынын 2021-жылдын 15-16-майында Чолпон-Ата шаарында өткөн Issyk-Kul ITF – 2021 «I am nomad» Эл аралык туристтик көргөзмө - жарманкесине катышуу сапары жана туризм чөйрөсүндө жигердүү кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишимдерге жетишилгендиги тууралу кыскача айтып берди.

Ошондой эле тараптар, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы мындан аркы биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK