Орусиянын Челябинск облусунда Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы боюнча

937

Орусиянын Челябинск облусунда болгон жол кырсыгына байланыштуу төмөндөгүлөрдү маалымдайбыз.

2022-жылы 7-сентябрда Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 унаа жолунда Кыргыз Республикасынын жараны К.Ш.нын башкаруусундагы «Рено Логан» (жеңил унаа) каршы тилкеге чыгып кетип, натыйжада Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Унаанын ичинде алты адам болгон, баары бир үй-бүлө мүчөлөрү – ата-энеси жана алардын төрт баласы. Баары Кыргызстандын жарандары. Жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочунун жубайы жана балдары Оштон Уфага учак менен келген. К.Ш. үй-бүлөсүн Уфанын аэропортунан тосуп алып, көрсөтүлгөн унаа менен Нижневартовск (ХМАО - Югра) шаарына бара жаткан.

Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар тез жардам кызматы менен Златоуст шаарындагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди.

7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.нын кызы - З.Р. (12 жашта) операция болгон. Кыздын абалы оор. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, алар учурда жогоруда аталган оорукананын травматология бөлүмүндө.

Бул окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери, МАИ кызматкерлери жана жабыркаган кыргызстандыктар менен байланыш түзүлүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK