Кыргызстандын Башкы консулу иш сапары менен Челябинск шаарында болду

705

2022-жылдын 14-15-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Челябинск шаарына иш сапары менен барып, Орусия Федерациясынын Челябинск облусунун Губернатору Алексей Текслердин Урал федералдык округунда аккредиттелген чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилери менен жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда, Челябинск облусунун чет мамлекеттер менен болгон тышкы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарынын жыйынтыгы чыгарылып, перспективалары талкууланды.   

Башкы консул Р.Бийбосунов өз сөзүндө, Челябинск облусунун губернатору А.Текслер жана облустун аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен болгон баарлашуусунда, Кыргызстандын аймактары менен Челябинск облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Облустун жана Челябинск шаарынын жетекчилигине, улуттук бирикмелерге, анын ичинде кыргызстандык мекендештерибизге колдоо көрсөтүп, эмгек жана ишкердик менен гана алектенбестен, областтын коомдук турмушуна активдүү катышууга шарт түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.  

Башкы консул ошондой эле жакында эле Челябинск шаарында ачылган «Мекендештер» деп аталган колдоо борборуна барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып, Челябинск шаардык «Мекендештер» коомдук уюмунун төрайымы З.Бакирова менен жолугушту. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK