Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Свердлов облустук Журналисттер чыгармачылык союзунун тѳрагасы Левин Александр Юрьевич менен жолугушууcу тууралуу

5444

2019-жылдын 21- октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Свердлов облустук  Журналисттер чыгармачылык союзунун тѳрагасы Левин Александр Юрьевич менен жолугушууcу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ маданий-гуманитардык кызматташууну ѳрчүтүү жѳнүндѳ, келээрки 2020-жылда Екатеринбург шаарында ѳткѳрүлѳ турган IX Кыргыз-россиялык региондор аралык конференциясы боюнча, Кыргызстанда Россиянын, Россияда Кыргызстандын   «кайчылаш» жылы тууралуу, ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктѳрдү ѳнүктүрүү  темасына маектешип, аталган иш чараларды чагылдырууда Свердлов облустук массалык маалымат каражаттарын колдонуу талапка ылайык экендигин баса белгиледи.

Журналисттер үйүнүн басма сѳз борборунда Башкы консулдук үчүн брифингдерди жана пресс-конференцияларды ѳткѳрүү боюнча, ошондой эле эки тараптын журналисттери үчүн Свердлов облусунан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Свердлов облусуна инфо-тур уюштуруу тууралуу суроолор талкууланды.

 Журналисттер союзунун тѳрагасы облустун массалык маалымат каражаттары аркылуу Екатеринбург шаарында ѳткѳрүлчү иш чараларды кеңири чагылдырууга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди.  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK