Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулуР. Бийбосуновдун Свердлов облусунун Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар министри В.Козлов менен жолугушуусу тууралуу

5292

2019-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бийбосунов Руслан Мелсовичтин Свердлов облусунун Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар министри Козлов Василий Валерьевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар келээрки IX кыргыз-россиялык аймактар аралык конференциясынын алдында Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун күчѳтүү боюнча маектешип, Россияда жүргѳн КРнын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле, аймактар аралык биргелешкен иш-аракеттердин ар түрдүү багыттарын талкуулашты.

Башкы консул Р. Бийбосунов кыргыз тарапка ар тараптуу колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, 2020-жылы Кыргызстандагы Россиянын, Россиядагы  Кыргызстандын "Кайчылаш" жылында ѳткѳрүлчү иш-чаралар тууралуу, ошондой эле,  аймактар аралык конференцияга даярдык кѳрүүгѳ байланыштуу пландары жѳнүндѳ маалымдады.

В. Козлов Башкы консул Р. Бийбосуновду кызматка дайындалышы менен куттуктап, Башкы консулдуктун маданий-гуманитардык багытында, консулдук аймакта эмгектенип жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын  укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, аймактар аралык кызматташуунун соода-экономикалык жагын ѳрчүтүү зарыл экендигин баса белгилеп, келээрки иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ орус тараптан колдоо кѳрсѳтүлѳѳрүн жана биргелешип иштеп чыгуу мүмкүн экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK