Урал федералдык университетиндеги жолугушуу

3934

2020-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Россиянын тунгуч президенти Б.Н.Ельциндин аты ыйгарылган Урал федералдык университетинин Ректору Кокшаров Виктор Анатольевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.

УрФУнун Ректору техникалык, табигый жана гуманитардык илимдеринин  толук спектрин бириктирген, аталган окуу жайдын илимий жана билим берүү иш-чаралары жѳнүндѳ  Башкы консулга маалымат берди: Россиянын аймагында алдынкы окуу жайлардын бири болуп эсептелип, азыркы учурда 35 000 ден ашуун студенттер, магистранттар жана аспиранттар окуп жатышат, алардын арасында 100дөн ашуун чет өлкөлүк жаран бар. Студенттердин арасында Кыргызстандын 94 өкүлү окуйт.

В.Кокшаров Кыргызстан-Россия жана Россия-Кыргызстан Кайчылаш жылынын алкагында ѳтүүчү Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи форумун ѳткѳрүүгѳ даярдык иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Р.Бийбосунов кыргыз-орус мамилелеринде билим берүү багыты маанилүү экендигин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу, ошондой эле ар түрдүү тармактар боюнча адистерди даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү мекемелери менен жемиштүү кызматташууга Университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Башкы консул, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи Форумуна ийгиликтүү даярданууга, Россия тарапка зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар илимий жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантып, Россия жана Кыргызстандын Ректорлор Форумуна, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин катышуусун уюштуруу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Маалымат үчүн: 2019-жылдын 27-мартында Бишкек шаарында «Илим жана билим берүү системасын өнүктүрүү - келечекте салым» аталышындагы Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Биринчи Форуму болуп ѳткѳн. Аталган иш-чараларга Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерацияынын ЖОЖдордун 70тен ашуун ректорлору катышкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK