Пресс-релиз 2020-жылдын 27-апрели

4157

Акыркы 2-3 күндө кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө «Екатеринбург – Бишкек - Екатеринбург» каттамы боюнча чартердик авиарейс жөнүндө маалыматтар, ошондой эле комментарийлер жарыяланып келди. Буга байланыштуу жана жагдайды түшүндүрүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-жылдын 28-апрелинде россиялык тарап «Екатеринбург – Бишкек - Екатеринбург» каттамы боюнча чартердик авиарейс уюштурууда. Рейстин буйрутмачысы – Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик органы, аткаруучусу - «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясы.

Бул рейс Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жарандарын алып кетүүгө арналган.

Муну менен бирге эле, аталган авиарейс менен Бишкекке Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн жана Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгарып салуу жөнүндө соттун чечимдеринин негизинде Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда кармалып турган Кыргыз Республикасынын 100гө жакын жарандары жөнөтүлмөкчү.

Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кошумча түрдө ушул рейс менен Бишкекке жөнөтүү тууралуу россиялык тарап менен макулдашылган.

27-апрелде “Урал авиалиниялары” учактагы 50дөн ашуун бош орунга билет саткан. Биринчи кезекте, билеттер мурда ушул авиакомпаниянын билеттерин сатып алып, бирок Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы авиабайланышка киргизилген убактылуу чектөөлөрдөн улам өз убагында Кыргызстанга жөнөп кете албай калган жарандарга сатылган.

Ошондой эле билеттер күтүү баракчасында (лист ожидания) катталган жарандарга, ден-соолугу начар, улгайган адамдарга, балалуу аялдарга жана кыска мөөнөттүү командировкага келгендерге сатылган.

Кыргыз тараптын сунушу менен авиабилеттин баштапкы баасы арзандатылган.

Башкы консулдук жарандарга аталган рейс жөнүндө маалымат берип турган, бирок авиабилеттерди сатуу менен алектенген эмес.

Консулдук мекеме өз ишин улантууда, консулдук-укуктук маселелер боюнча кабыл алуу иш күндөрү 09.00дөн 13.00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Россиянын Урал федералдык округундагы Кыргыз Республикасынын жарандары жаңы коронавирустук инфекция пандемиясы башталганына байланыштуу социалдык түйүндөр жана мекеменин расмий сайты аркылуу маалымдалган. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK