2022-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Каталин Бихари менен жолугушту.

990

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн духунда прогрессивдүү өнүгүп келе жаткан экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, маектешүүлөр кыргыз-венгер бизнес-форумун өткөрүү боюнча биргелешкен иштин жыйынтыктарын оң белгилешти, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин баштоо, атап айтканда, Кыргыз Республикасында ГЭСтин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жалпы инвестициялык суммасы 24 миллион АКШ долларынан ашкан жогорку сапаттагы уйларды жеткирүү.

Каталин Бихари кыргыз-мажар стратегиялык өнөктөштүгүнүн салттуу духунда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын биргелешкен пландарын мындан ары да ишке ашырууга мажар тарап даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK