2022-жылдын 3-августунда Кыргызстандын Мажаритсандагы элчиси Талантбек Кушчубеков Мажартсандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту

1521

2022-жылдын 3-августунда Кыргызстандын Мажартсандагы элчиси Талантбек Кушчубеков Мажаритсандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту,  анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 11-августунан 14-августуна чейин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Мажаристанда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды.

Элчи Т.Кушчубеков А.Штифтерди Венгриянын Мажартсандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, Ушул жылдын 11-августтунда Мажарстанда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн ачылышына карата пландаштырылган гала-концерт Будапешттин музыкалык борборунда өткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымат берди, анда белгилүү кыргыз музыканттары, «Камбаркан» кыргыз фольклордук-этнографиялык ансамбли, элдик ырчылар, комузчулар, манасчылар өнөрлөрүн тартуулашат, ошондой эле мода көргөзмөсү көргөзүлөт. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү дагы уюштурулат.

Өз кезегинде Мажаритсандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары А.Штифтер Кыргызстандын Мажарстандагы Элчилиги менен мындан ары биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Мажарстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн белгилөөгө мажар тараптын катышуусун ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK