2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарындагы «Вигадо» концерттик залында Мажаристандын жаңы Маданият жана инновация министрлигинин бет ачар аземине катышты.

1194

Иш-чаранын алкагында Мажаристандын Маданият жана инновация министри Янош Чак иш-чаранын конокторуна куттуктоо сөзүн сүйлөп, министрликтин маданий өнүктүрүү жана ага жакын тармактар ​​боюнча пландалган иш-чаралары, мисалы, жогорку билим берүү, үй-бүлө жана энелерди колдоо, илимди өнүктүрүү жана иновация тармактарына жаӊылыктарды киргизүү боюнча Мажаристандын мамлекеттик органы тарабынан ага тапшырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Расмий конок катары Будапешттеги чет мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Презентациянын жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков, Мажаристандын Маданият жана иновация министри Я.Чак жана анын орун басарлары менен Кыргыз Республикасы менен Мажаристандын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK