2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Улуттук мамлекеттик кызмат университетинин ректору Гергей Дели мырза жана Мажарстандын Улуттук мамлекеттик кызмат университетинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Коллер Богларка айым менен жолугушту.

1264

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерине, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөнүн келечегине жана пландарына кыскача токтолду. Кыргыз тарап Улуттук мамлекеттик кызмат университети менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстандын ЖОЖдору менен алака түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эффективдүү өз ара аракеттенүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экенин айтып, буга байланыштуу кыргызстандык студенттердин жыл сайын «Stipendium Hungaricum» программасына катышуусун баса белгиледи.

Өз кезегинде Г.Дели университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Мажарстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK