2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Матвей Корвин атындагы университеттин ректору Элёд Такатш менен жолугушту.

1362

2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Матвей Корвин атындагы университеттин ректору Элёд Такатш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерине, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташууну, анын ичинде «Stipendium Hungaricum» программасына кыргызстандык студенттердин катышуусун чыӊдоо боюнча келечегине жана пландарына кыскача токтолду.

Тараптар Кыргызстан менен Мажарстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.

Андан ары элчи Т.Кушчубеков Матвей Корвин атындагы университетте билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Өз сөзүндө Элчи студенттерге, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы Элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер элчиге кызыккан суроолорун бере алышты. Жолугушууда студенттердин турмушу жана башка көптөгөн темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK