24-мартта Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчиси Т.Ч.Кушчубеков, Мажарстандын автомобиль жана авиация техника тетиктерин, ошондой эле айыл чарба техникаларын жана “Реннер” шарнирдүү бириктиргичтерин чыгаруучу заводго барды.

373

2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчиси Т.Ч.Кушчубеков, Мажарстандын автомобиль жана авиация техника тетиктерин, ошондой эле айыл чарба техникаларын жана “Реннер” шарнирдүү бириктиргичтерин чыгаруучу заводго барды. Элчи Т.Ч.Кушчубеков, ишкананын ээси Тамаш Реннер жана Мажарстанда өндүрүлгөн “Реннер” тракторун биргелешип чыгарган “Мумгеп”  ЖЧКсынын директору Тамаш Котель менен жолугушту. Ошондой эле ишканалар чиркегичтүү жана монтаждалган грейдерлерди, жерди жумшарта турган машиналарды, пресс-подборщиктерди, мульчерлерди, чачыраткыч приборлорду, прицептерди, соколорду, дробилкаларды, ж.б.у.с., техникалык каражаттарды өндүрүшөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Мажарстанда өндүрүлгөн тракторлорду Кыргыз Республикасынын рыногуна алып келүү, жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды тейлөө борборун ачуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Т.Реннер, электротрактордун конструкциясы боюнча жүргүзүлүп жаткан учурдагы изилдөөлөргө токтолуп, бул жаатта биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди жана Кыргыз Республикасынан эки инженер келип, электротрактордун прототибин биргелешип иштеп чыгарууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда, биргелешкен өндүрүштүк иш-чараларды баштоо үчүн кызыкдар өнөктөштөрдү издөө үчүн мажарстандык өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасына боло турчу сапарын уюштуруу маселеси макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK