2023-жылдын 28-мартында Будапешт шаарындагы “ELTE” Этвёш Лоранд университетинин түркология факультетинде, Кыргыз Республикасына караштуу китеп бурчунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

386

2023-жылдын 28-мартында Будапешт шаарындагы “ELTE” Этвёш Лоранд университетинин түркология факультетинде, Кыргыз Республикасына караштуу китеп бурчунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков өз сөзүндө, Кыргызстан тууралуу китептер жана басылмалар, дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, “Манас” эпосунун үчилтиги жана башка көптөгөн чыгармалар мажар элинин маданиятына, жашоо образына жана салттарына көп жагынан окшош келип, Кыргыз Республикасынын маданияты, жашоосу жана каада-салттары жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга мыкты мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарага Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, Будапештте аккредитацияланган түрк тилдүү мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, “ELTE” университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана Кыргыз Республикасынан келген студенттер катышты. 

Китеп бурчуна, байыркы кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган материалдар (китептер жана сувенирлер), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан берилди. Кыргыз китеп бурчу, мажарстандык студенттерге жана мугалимдерге байыркы кыргыздардын маданияты жана турмушу тууралуу кененирээк маалымат берип, Кыргызстан менен Мажарстан элдеринин ортосундагы достук байланыштарын чыңдоого жардам берет.

Иш-чаранын соңунда элдик ырлар менен коштолгон чакан концерт тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK