2023-жылдын 24-майында Будапешт шаарында, Этвёш Лоранд «ELTE» университетинде Кыргызстандын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков студенттерге жана факультеттин окутуучуларына конок лекциясын окуду

243

2023-жылдын 24-майында Будапешт шаарында, Этвёш Лоранд «ELTE» университетинин түрк таануу факультетинин деканы Бенедек Перинин чакыруусу боюнча Кыргызстандын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков студенттерге жана факультеттин окутуучуларына Кыргызстандын тарыхы, анын эгемендүү мамлекет катары калыптанышы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги жөнүндө конок лекциясын окуду.

Элчи Т.Кушчубеков өз сөзүндө Кыргызстандын тарыхында байыркы петроглифтерден тартып эгемендүү мамлекеттин түзүлүшүнө жана 2023 жылдын 5-майында 30 жылдык мааракеси белгиленген Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алынышына чейинки маанилүү окуялар тууралуу маалымат берди.

Элчи ошондой эле Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн өз ара аракеттенүүсүнүн бардык багыттарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун ушул жылдын 13-14-февралында Мажарстанга болгон расмий иш сапарын белгиледи.

Сөзүнүн аягында Элчи Талантбек Кушчубеков Мажарстандын жаш муундары менен сүйлөшүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, аларга ийгиликтерди жана келечектеги жолунда бийик жетишкендиктерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK