2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт бизнес мектебинин ректору Балаш Хейдрих жана Будапешт бизнес мектебинин илимий иштер жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн проректору Кристина Сегеди менен жолугушту.

247

Кыргыз дипломатынын көңүлүнө университеттин билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле анын алкагында ишке ашырылып жаткан эл аралык билим берүү программалары сунушталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу университеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо перспективаларын жана пландарын талкуулашты.

Мындан тышкары, Элчи Т.Кушчубеков эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири билим берүү тармагындагы эффективдүү өз ара аракеттенүү экенине токтолуп, буга байланыштуу кыргызстандык студенттердин жыл сайын “Stipendium Hungaricum” программасына катышуусун баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Мажарстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.

Андан соң, Элчи Т. Кушчубеков Будапешт бизнес мектебинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, студенттердин Мажарстандагы жашоосунда орун алган маселелер тууралуу өз-ара пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK