2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Ференц Лист атындагы музыкалык академиясынын вице-президенти Дюла Фекете менен жолугушту.

225

2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Ференц Лист атындагы музыкалык академиясынын вице-президенти Дюла Фекете менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков Кыргызстан менен Мажарстандын учурдагы кызматташуусуна, атап айтканда, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкка, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы маданий өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн келечегине жана пландарына кыскача токтолду.

Элчи Т.Кушчубеков К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы менен Ференц Лист атындагы музыкалык академиясынын ортосундагы кызматташуу, ушул жылдын 13-14-февралында Будапешт шаарында өткөн ректорлордун Биринчи кыргыз-мажар конференциясынын алкагында түзүлүп жатканын кубаттады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Элчилик менен Ференц Лист атындагы музыкалык академиянын ортосундагы маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Өз кезегинде Ференц Лист атындагы музыкалык академиясынын вице-президенти Дюла Фекете Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы достукту чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK