Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана изилдөө министри Тарик Башир Чима менен жолугушту.

705

2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана изилдөө министри Тарик Башир Чима менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Атап айтканда, айыл чарба продукциялары жана азык-түлүк товарлары сыяктуу өз ара экспорттук-импорттук позицияларды кеңейтүүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эффективдүү транспорттук каттамдарды түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгилешти.

Бул контекстте Элчи У.Тотуяев өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү максатында Кыргызстандан Пакистанга дан жана буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоого шарттарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Тараптар азыркы шарттарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана бул багытта чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жигердүү иш алып баруу бүткүл дүйнөдө туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун ачкычы экенине макул болушту. Буга байланыштуу, маектештер эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK