Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун ЕЭКтин Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерованын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн уюштурулган брифингине катышты

2015

2022-жылы 11-июлда Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерованын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн уюштурулган брифингине катышты. Мында Борбор Азия өлкөлөр менен БУУ ЕЭКтин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы артыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары боюнча талкуу болуп өттү.

Бул иш-чаранын алкагында Аткаруучу катчы менен өзүнчө жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммеддин Борбордук Азия өлкөлөрүнө жасаган иш сапарынын жыйынтыктары боюнча кеңири пикир алмашылды.

Туруктуу өкүл А.Касымалиева өлкөнүн деңизге чыга албаганын эске алуу менен Кыргызстан БУУ ЕЭК менен транспорт тармагында кызматташууну эң маанилүү жана келечектүү экендигин белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз тарап экспортту өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди, программаларды жана пландарды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, сооданы колдоо институттарынын потенциалын чыңдоодо эксперттик колдоого муктаж экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK