2021-жылдын 30-апрелинде Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү БУУнун Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушуу өткөрдү

3522

2021-жылдын 30-апрелинде Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү БУУнун Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирослав Йенчага Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Тактап айтканда, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү тараптар ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин жана кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык жана эки тараптуу милдеттерди жана макулдашууларды жактай тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында М.Молдоисаева кыргыз тараптан БУУнун ички жер которгон кишилерге жана алардын туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө, ошондой эле өлкөдөгү талкаланган инфратүзүмдүк объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Мирослав Йенча БУУнун Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөп жаткандыгын, ошондой эле тараптардын ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкендигин кубаттады. Ошондой эле ал БУУнун жаңжалдан жапа чеккендерге, анын ичинде БУУнун Тынчтык куруу фондунун алкагында жардам берүүгө даяр экендигине ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK