2021-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасы менен Палау Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду

2549

2021-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасы менен Палау Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду.

Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева жана Палау Руспубликасын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү Илана Виктория Сеид кол коюшту.

Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып дипломатиялык мамилелерди орнотушкандыгы белгиленет.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин, тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун алкагында эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK