Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУга мүчө мамлекеттердин Нью-Йорктогу туруктуу өкүлчүлүктөрү үчүн «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» концепциясынын презентациясын уюштурду

1556

2022-жылдын 24-майында Бириккен Улуттар Уюмунун Штаб-квартирасында Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУга мүчө мамлекеттердин Нью-Йорктогу туруктуу өкүлчүлүктөрү үчүн «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» концепциясынын презентациясын уюштурду. Ага Бишкектен жогорку өкүл катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев катышты.

Иш-чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цуй Дунъюй жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Александр Трепелков сөз сүйлөштү. Атайын өкүл Нурлан Айтмурзаев презентация жасады. Мындан тышкары, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Тоо өнөктөштүгүнүн өкүлү Джорджио Груссу “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы – 2022” темасында презентация жасады. Жалпысынан 15 өкүл сөз сүйлөдү.

Иш-чарада 2019-жылы Кыргызстандын демилгеси менен түзүлгөн Тоолуу өлкөлөрдүн достук тобуна мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун башка мүчө мамлекеттери жана негизги эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Атайын өкүл Нурлан Айтмурзаев тоолуу аймактар экосистеманын уникалдуу түрү экендигин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу алар дуушар болгон кыйынчылыктар өзгөчө экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу жана аларды жумшартуу, ошондой эле бул өлкөлөрдө туруктуу өнүгүү алардын муктаждыктарына багытталган атайын иш-чаралар комплексин ишке ашырууну талап кылаарын билдирди.

«Беш жылдыктын» бет ачарында тоолуу өлкөлөрдүн экономика жана соода, илим, билим жана маданият, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктарды алдын алуу жаатындагы, ошондой эле бул багыттар боюнча эл аралык кызматташтык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын тоо демилгелеринин комплекси жарыяланды. Биринчиден, кыргыз тарап БУУнун түрдүү түзүмдөрүнүн алкагында өз кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн тоолуу өлкөлөрдүн ири коалициясын түзүүнү сунуштады. Тоолуу өлкөлөрдүн ушул жана башка демилгелерин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп аталган бирдиктүү иш-чаралардын комплексине бириктирүү менен кийинки 2023-2027-жылдары ишке ашыруу сунушталды. Бул аракеттерди формалдаштыруу үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жүрүшүндө 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялоо тууралуу резолюцияны кабыл алуу сунушталды. Кыргыз тарап бул резолюцияны колдоо жана биргелешип демилгелөөнү көрсөтүү өтүнүчү менен БУУга мүчө мамлекеттерге кайрылды. Ошону менен бирге, тийиштүү компетенцияга ээ болгон эл аралык уюмдарга беш жылдык планга аткаруучу уюм катары кошулуу тууралуу кайрылды. Резолюцияны жана жалпысынан беш жылдык планга саясий колдоону камсыз кылуу максатында кыргыз тарап БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жана тоолуу өлкөлөрдүн бийик даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү планын билдирди.

Маалымдама катары: 2021-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» жарыялоо демилгесин билдирген. Бул демилгени практикалык ишке ашыруу үчүн анын концепциясы иштелип чыгып, анда тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгын чыңдоого, алардын элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга жана тоо экосистемаларын коргоого багытталган чаралардын кеңири комплекси камтылган. Кыргыз Республикасы бардык тоолуу мамлекеттерди аларды ишке ашырууга катышууга чакырат. Биз беш жылдык планга тиешелүү мандаты бар бардык эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте Тоо шериктештигинин катчылыгы, ФАО, ПРООН, ЭКОСОСтун аймактык комиссиялары, ЮНЕСКО, ЮНИДО, ЮНЕП, ЮНКТАД, ГЭФ, эл аралык каржы институттарынын катышуусун тоолуу райондордо сооданы өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, технологиялар жана инновациялар менен алмашуу, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын ичинде «жашыл» экономиканы, «жашыл» технологияларды, «жашыл» энергетиканы, кырсыктардын алдын алуу, тоолуу өлкөлөрдүн маданиятын, тарыхын, жаратылышын жайылтуу жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду инвестициялоо аркылуу маанилүү деп эсептейбиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK