2020-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасы менен Науру Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду

4543

2020-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасы менен Науру Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду.

Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева жана Науру Руспубликасын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү Марлен Мозес кол коюшту.

Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып дипломатиялык мамилелерди орнотушту.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин, тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун линиясы боюнча эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK