Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери Флоридадан (АКШ) келген окуучуларды кабыл алышты

4887

2020-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Флоридадан Нью-Йорк шаарына БУУ – Модель программасына катышу үчүн келген окуучулар менен жолугушту.

БУУ Модели – бул илимий конференциянын жана ролдук оюндун синтези, анын алкагында студенттер жана окуучулар БУУнун бир нече официалдуу тилдеринде Уюмдун иш алып баарусун чагылдырышат жана дипломатиялык, жетекчилик, оратордук жана тилдик жана компремисске келүү жөндөмдөрдү үйрөнүшөт.

Жолугушуунун учурунда, Туруктуу өкүл М.Молдоисаева и жана Өкүлчүлүктүн дипломаттары окуучуларга Туруктуу өкүлчүлүк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча жана БУУнун алкагында мамлекеттин приоритеттери жана сунуштары боюнча маалымат беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK