Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Беларус Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 21-январында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасынын Элчилиги 1995-жылы Минск шаарында ачылган. Ал эми Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги 1999-жылы Бишкек шаарында ачылган.

Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаев 2024-жылдын 15-февралында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого Ишеним грамотасын тапшырган.

Беларус Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко 2017-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним катын тапшырган.

Беларусь Республикасынын Минск облусу жана Минск шаарындагы Ардактуу консулу - Топузидис Павел Георгиевич.

Саясий кызматташуу

Кыргызстан менен Беларус өлкөлөрү эгемендүүлүктү алгандан бери достук жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген констуктивдүү кызматташууга умтулуп келишет.

Эки өлкөнүн Президенттери жана Премьер-министрлери КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу интеграциялык органдардын жыйындарынын алкагында, ошондой эле беларус тарап байкоочу катары катышып жаткан ШКУнун алкагында  дайыма кезигишип, кызматташып турушат.

2006-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасы Президентинин Беларус Республикасына расмий иш сапары болгон. Беларус Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон жооп иретиндеги расмий иш сапары 2008-жылы уюштурулган.

2015-жылдан бери эки тараптуу мамилелерде жагымдуу тенденцияга багытталган туруктуу өнүгүү белгиленип келет, тактап айтканда саясий тармактарда байланыштар жанданып, Кыргызстан менен Беларустун эл аралык аянтчаларда кызматташуусу өнүгүп келе жатат.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн. Жети жылдык тыныгуудан кийин 2015-жылы Минск шаарында аталган комиссиянын бешинчи отуруму болуп өткөн. 2016-жылдын июнь айында Бишкекте, ал эми 2017-жылдын июнь айында Минскиде эки тараптуу комиссиянын алтынчы жана жетинчи отурумдары өткөрүлгөн. Мындан тышкары, 2022-жылдын сентябрь айынын Ош шаарында жана 2023-жылдын август айынын Минск шаарында 10 жана 11-эки тараптуу комиссиянын отурумдары өткөрүлгөн.

Ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Беларус Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда биринчи жолу саясий консультациялар болуп өттү.