Пайдалуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасына сапар алуучу жарандары үчүн эстеткич маалымат

Кирүү режими: Визасыз

Беларусь Республикасына кирүү-чыгуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;

2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;

3. Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту;

4. Моряктын китеби (кемедеги экипаждын тизмеси туралуу документи же андан алынган көчүрмө )

5. Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгү.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА!

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (ID-карта) Беларусь Республикасынын аймагына кирип-чыгууга уруксат берген документ катары эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын жарандары Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы мамлекеттик чек араны эл аралык өткөрүү пунктулары (аба жолдору менен же Беларусь Республикасынын Гомель облусунда жайгашкан «Веселовка» көзөмөл-өткөрмө пункту )аркылуу өтүүгө укуктуу.

Беларусь Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн төмөнкү документер талап кылынат:

-  чет өлкөгө кирүү-чыгуу  үчүн талап кылынган документ;

- толтурулган миграциялык карта жана андагы « сапардын максаты» туралуу сапты туура толтуруу

Чек ара кызматкери миграциялык картада жана чет өлкөгө чыгуу үчүн документинде чет элдик жарандын Беларусь Республикасына кирүүсү туралуу белги коет.

 Беларусь Республикасынан чыгуу учурунда миграциялык картада чет элдик жарандын каттоого тургандыгы  жөнүндө белги болуусу тийиш. Катоо туралуу белги болбогон учурда, чет элдик жаран Беларусь Республикасындагы жүрүү эрежелерин бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылат.

Эскертүү: Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясы 2004-жылдын 5-октябрында кол коюлган Беларусь Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясы ортосундагы Макулдашууга ылайык, бир үлгүдөгү  миграциялык картаны колдонушат.

Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Беларусь Республикасында жүрүү эрежелери:

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга (мындан ары –чет элдиктер) Беларусь Республикасында жүрүү Эрежелерине ылайык, беш күндүн ичинде (Жекшемби, мамлекеттик майрам күндөрүнөн жана Беларусь Республикасынын Президенти эс алуу күнү деп жарыялаган майрам күндөрүнөн сырткары) учурдагы жашаган жерине жараша каттоо Кызматында милдеттүү түрдө каттоого туруусу зарыл.

Каттого коюу катоо жөнүндө арыздын же кабыл алуучу тараптын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде  каралат.

Беларусь Республикасынын Катоо кызматттары:

 Тышкы иштер министирлиги, Ички иштер органы, Мейманкана же санаторий-курорттук жана дарылоо уюмдары, жана ошондой эле агроэкотуризм субъектилери.

Эгер чет элдиктин жашаган жери өзгөрсө, ал беш күндун ичинде (эс алуу күндөрдөн, мамлекеттик майрамдардан жана БеларусьРеспубликасынын Президенти эс алуу күнү деп жарыялаган майрам күндөрүнөн сырткары) жаны көчкөн жери боюнча каттоо Кызматында каттоого туруусу зарыл. 

Беларусь Республикасында убактылуу түрдө жашаган чет элдик жарандар үчүн керектүү документтердин тезмеси:

- арыз;

-Чет элдиктин Беларусь Республикасына кирүүсү туралуу Чек ара кызматкери тарабынан коюлган белгиси бар миграциялык карта (мындан ары – миграциялык карта);

-чет өлкөгө чыгуу документи;

- медициналык полис.Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар ченемдик укуктук актыларгына ылайык, милдеттүү түрдө медициналык камсыздандырууга керек.

-төлөм жүргүзүлгөндүгү туралуу документ.

Беларусь Республикасына визасыз режимде кирген чет элдиктердин өлкөдө болуу мөөнөтү биринчи күндөн тартып календардык жылдын ичинде токсон күндөн ашууга тийиш эмес.

КӨӉҮЛ БУРГУЛА!

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Респбликасында  жумушка орношуу маселелерин 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирикме туралуу Келишим жөнгө салат. Буга ылайык, эмгек жана  жумуш издөө максаты менен келген Кыргыз республикасынын жарандары Беларусь Республикасына киргенден тартып беш күндүн ичинде жумуш берүүчү же иштин (кызматтын) тапшырык ээси менен эмгек келишимдерин же жарандык-укуктук келишимин түзүү шарты менен, Кыргыз жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Беларусь Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарында өлкөгө киргенден тартып 30 күн ичинде каттоого туруудан (турган жери боюнча учетко коюудан) бошотулат.