Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин тарыхы

1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болуу менен Кыргызстан бардык постсоветтик республикалардай эле өзүнүн тышкы саясатын активдүү кура баштады. 1993-жылы КМШнын уставдык органдарынын алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн түзүлүшү бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири болду.

1995-жылы КМШнын Аткаруу комитетинин имаратында жайгашкан Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн базасында Беларусь Республикасында Кыргыз Республикасынын толук кандуу Элчилиги түзүлгөн. Биздин дипломатиялык миссиянын окуясы мына ушул жерден башталат.

1995-жылдын 13-декабрында Кыргызстан менен Беларусиянын ортосунда Бишкек жана Минск шаарларындагы имараттарга өз ара менчик укугун берүү жана Кыргызстан менен Беларусь элчиликтеринин муктаждыктары үчүн жер тилкелерин ижарага берүү жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Бул документке ылайык, кыргыз тарапка Минск шаарынын борбордук бөлүгүндө 1996-жылдан бери биздин өлкөнүн Беларустагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жайгашкан өзүнчө имарат берилген.

Элчилик Старовиленская көчөсүндө жайгашкан, бул Вильнюстун эски жолун билдирет. Көчө Свислочь дарыясынын кооз жээгинен башталат. Азыркы учурда, Элчиликтин кызматкерлери алты адамдан, төрт дипломаттан, анын ичинде элчиден жана эки административдик жана техникалык кызматкерлерден турат.

Бөрүбек Аширов Кыргызстандын биринчи элчиси болуп дайындалган, ал бул кызматта 1993-1997-жылдары иштеген. Андан кийин ар кайсы жылдарда элчи болуп Эсенгул Өмүралиев, Рысбек Качкеев, Лидия Иманалиева, Ишенгүл Болжурова, Эрик Асаналиев, Кубанычбек Өмүралиев жана Эрмек Ибраимов болгон.

2023-жылдын ноябрында Эрбол Султанбаев Элчи катары ишин баштаган.

Элчиликтин тарыхы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин калыптанышы жана өнүгүшү менен ажырагыс байланышкан. 2023-жылы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Салттуу түрдө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер маданий-тарыхый жалпылыкта негизделген, Кыргызстан менен Беларустун элдерин көп кылымдык достук байланыштырып турат.

Бүгүнкү күндө республикалардын ортосунда 50гө жакын эки тараптуу эл аралык келишимдерге жана документтерге кол коюлган. Ошону менен бирге, мамлекеттер аралык мамилелердеги негизги документ болуп 2002-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө Келишим саналат.

Мамилелердин жетишээрлик кыска тарыхый мезгилинде эки тараптуу иш-чаралардын олуттуу саны, анын ичинде мамлекет башчыларынын, өкмөт жана парламент башчыларынын өз ара сапарлары, бизнес-форумдар жана маданий күндөр, студенттердин алмашуусу жана илимий конференциялары ж.б.у.с. өтүүдө.

2023-жылдын 17-январында Беларустун Чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коому Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган кече өткөрдү.

Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз-Беларусь Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссия түзүлүп, иштеп жатат.Потенциалдарды натыйжалуу пайдалануу максатында 2018-жылдан бери ӨАКны Кыргызстандын жана Беларустун өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеп келет. 2023-жылдын августунда анын 11-жыйыны Минск шаарында өткөн.

2022-жылдын 15-16-сентябрында Ош шаарында ӨАКнын кезектеги жыйынынын алкагында ири кыргыз-белорус бизнес-форуму, ошондой эле «Түштүк-Экспо 2022» эл аралык көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары А.Сивак баш болгон беларусиянын делегациясы иш чараларага катышты.

Белоруссиянын эли залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын абдан жакшы көрүшөт жана анын элесине аяр мамиле кылышат. Бул багытта Чыңгыз Төрөкуловичтин 95 жылдыгына карата элчилик бир катар иш-чараларды өткөрдү, анын ичинде “Жашыл Мурас” демилгесинин алкагында Ч.Айтматов атындагы сейил багында “Клен аллеясын” отургузуу болду. Ал эми Беларустун Улуттук китепканасында жазуучунун өмүр жолуна арналган сүрөт көргөзмөсү жана “Биринчи мугалим” тасмасы көрсөтүлдү.

Элчилик жергиликтүү бийлик менен биргеликте тарыхый эстутумду сактоо боюнча активдүү иш алып барууда. Ошентип, жыл сайын Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында ардагерлердин, Беларустун мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпустун, коомчулуктун жана жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын-реквием өткөрүлөт. 2023-жылы Элчилик тарабынан “Кыргызстандын уулдары. Белоруссия үчүн салгылашууларда» жана Белоруссияны фашисттик баскынчылардан бошотууда курман болгон мекендешибиз Ж.Асаналиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

2023-жылдын жыйынтыгына карата КМШнын алкагында 1805 документ күчүндө - КМШнын Мамлекет башчыларынын Кеңеши жана Өкмөт башчылар кеңеши жогорку органдар гана кабыл алган. 66 тармактык кооперация органынын ишмердүүлүгүн эске алуу менен, алар дагы өз багыттары боюнча жигердүү иштеп жатышат. Уюмдун алкагында кабыл алынган жана ишке ашырылган чечимдердин жалпы саны бир кыйла жогору. КМШнын жогорку органдары өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын белгилесе, анда тармактардын деңгээлинде мамлекеттер аралык мамилелердин тармакташкан жана көп кырдуу системасы түзүлгөн, бул Элчиликтин кызматкерлеринин КМШнын ишмердүүлүгүнө катышуунун жогорку даражасын бүтүн аныктайт.

Ал эми бүгүнкү күндө, 30 жылдан бери Элчилик Беларусь менен ар тараптуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү боюнча дипломатиялык миссиясын улантууда - кооз васильки гүлдөрү жана улуу бизондордун укмуштуудай өлкөсү, анын көп кылымдык маданияты менен таанышуу жана, албетте, боорукер жана эмгекчил белорус эли менен жакындашуу негизги кызыкчылытары болуп эсепетелет.