Башкы консул Рустам Кошоновдун Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Башкы консулдуктун жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул майрам жалпы баалуулуктарды: өлкө сыймыгын, анын гүлдөп-өнүгүшү үчүн эмгектенүүгө умтулууну, элин, жерин, үй-бүлөсүн, жакындарын сүйүүнү ыйык туткан баарыбыз үчүн зор майрам.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык каалайм.
Урматтоо менен,
Башкы консул Рустам Кошонов