Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунда көңүл айтуу китеби ачылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен каза болгон Кыргыз Республикасынын 14 жарандарын эскерүү иретинде 2022-жылдын 23-августун Улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунда көңүл айтуу китеби ачылды.
Өзүңөрдүн көңүл айтуу каалоолоруңарды ошондой эле Башкы консулдуктун электрондук дарегине жөнөтүүгө болот: kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg.
Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардарга тез арада сакайып кетишине тилектеш.