Түркиянын аймактары менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча иштин алкагында 2022-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Рустам Кошонов Башкы консулдуктун округуна кирген Алания шаарына иш сапары өттү

1732

Сапардын алкагында Аланиянын Мэри Адем Мурат Южел жана Соода жана өнөр жай палатасынын Төрагасы Мехмет Шахин менен расмий жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда соода-экономикалык, туризм жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну активизациалоо маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө Башкы консул Кыргыз Республикасынын Алания шаарындагы Ардактуу консулдугуна барды, ал жерде Кыргыз Республикасынын Аланиядагы жаңы дайындалган Ардактуу консулу Хилми Билал Созенди Кыргыз Республикасынын жарандарына тааныштырды. Мекендештер менен баарлашуунун жүрүшүндө консулдук мүнөздөгү ар кандай маселелер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан жарандарынын шарттарын жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK