2022-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов Кемер шаарынын мэри Нежати Топалолу мырза менен жолугушту
Жолугушууда тараптар экономикалык жана соода мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашып, аларды активдештирүүсүнө кызыкдар болушту. Башкы консул инвестициялык долбоорлор менен таанышуу үчүн Кыргызстанга бизнес-делегациянын сапарын уюштурууну сунуштады.
Өз кезегинде мэр келечекте потенциалдуу инвесторлор менен биргелешкен жолугушуу уюштурууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.