Ушул жылдын 7-мартында Башкы консулдуктун кызматкерлери менен Анталиядагы “Акдениз” университетинин ректору Озленен Озкан айым менен жолугушуу болуп өттү

312

Жолугушууда ректор О.Озкан университеттин ишмердүүлүгү жана “Акдениз” университетинде окуу шарттары тууралуу маалымат берди.

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда академиялык же студенттерди алмашууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK