Кызмат

Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

Жашы жеткен жарандар үчүн:

- ID-паспорт же жалпы жарандык паспорт (бар болсо);

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо).

Жашы жете элек жарандар үчүн төмөнкү документтер керек болот:

- туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

- мөөнөтү өтүп кеткен паспорт (бар болсо) же булганган паспорт болсо;

- вкладыш (бар болсо);

- ата-энесинин паспорттору;

- ата-энесинин нике күбөлүгү же аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүк;

- эгерде ата-энесинин бири башка өлкөнүн жараны болсо, анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берүү зарыл.

Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүк берүүнүн мөөнөтү документтерди кабыл алынган мезгилден тартып 5 (беш) жумушчу күндөн ашпайт.

Жарандын инсандыгын аныктоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган өзгөчө учурларда, арызды кароо убактысы кошумча дагы 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 10 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

 

Жаны жалпы жарандык паспортко же ID-паспортко документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан дүйшөмбүдөн жумага карай саат 9:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлөт.

Даяр паспорттор Башкы консулдукка почта аркылуу 3 айдын ичинде келерин эскертебиз!!!

Жалпы жарандык паспорт же ID-паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керек болот:

- жалпы жарандык паспорт  же ID-паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- нике тууралуу күбөлүк.

16 жашка чейинки адамдар үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- туулгандыгы тууралуу куболук;

- ата-энелердин паспорттору;

- ата-энесинин нике күбөлүгү;

Эгерде жашы жете элек арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жарандык паспорт берүү үчүн анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берүү зарыл.

*Муну менен бирге ар бир кайрылуу жеке түрүндө каралат (базаларды текшерүү, жеке маалыматтарды тактоо ж.б.).

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:

- 30 АКШ доллары (16 жаштан баштап)

- 30 АКШ доллары (16 жашка чейинкилер)

Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

Мамлекеттик алымдын баасы:

- 1376 сом жалпы жарандык паспорт үчүн, - 1023 сом ID-паспорт (жоготулган/бузулган паспорт);

- жарандык паспорт үчүн 1176 сом (жарактуулук мөөнөтү);

- ID-паспорт үчүн 823 сом (жарактуулук мөөнөтү).

Мамлекеттик алым Кыргызстанда РСК Банк же Айыл Банк аркылуу төлөнөт.

 

Туулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөрүү

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1) төрөт болгон саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат же медициналык мекемеден тышкары төрөт учурунда ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан дарыгер же башка медициналык кызматкер тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;

2) баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин ырастоочу документтери, никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк (никеси жок болгон учурда, энесинин өздүгүн ырастаган документтер) же болбосо жакын тууганынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкеринин өздүгүн тастыктаган документтер;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын ырастаган чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башкалар);

4) белгиленген үлгүдөгү арыз.

2. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ошол аял тарабынан баланын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Баланын туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт.

4. Бир жашка чыккан же андан жогору жаш курагындагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле бала он алты жашка толгондо, анын өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тийиштүү документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт.

5. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүнүн мөөнөтү бир күндүн ичинде.

6. Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 10 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

7. Кыргызстанда 105 сом РСК банк аркылуу төлөнөт.   

 

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

Никелешүүнү каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы;
  • эгерде биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбосо, никеге туруп жаткан адамдардын айрым арыздары;
  • никеге тургандардын өздүгүн тастыктоочу документтер (ID-паспорт же консулдук каттоого кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиси бар жалпы жарандык паспорт (эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк бар болсо), аскер кызмат адамынын өздүк күбөлүгү, жарандыгы жок адамдар үчүн жашоого уруксат, чет өлкөлүк жарандын паспорту);
  • эгерде адамдардын бири мурда никеде турган болсо, никени бузуу жөнүндө күбөлүк;
  • каза болгондугу тууралуу күбөлүк, мурунку никедеги жубайлардын бири каза болгон учурда;
  • эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири жашы жете элек болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу.

Өзгөчө шарттарда (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө токтоосуз коркунуч) нике арыз берилген күнү түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда кошумча түрдө төмөнкү документтер берилет:

  • медициналык мекемеден кош бойлуулук жөнүндө справка;
  • жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
  • ден соолугу тууралуу маалым кат (ооруп жатканда).

Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен никелешүүсүн Мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • белгиленген формадагы биргелешкен арызы;
  • эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, мында чет өлкөлүк нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз мыйзамдаштырылууга (апостилдештирилүүгө)тийиш;
  • никеге турууну каалаган инсандыгын ырастоочу документтери;
  • эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу же апостиль тууралуу белгиси бар, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат.

Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актыны жазууга жубайлардын жалпы фамилиясы же никеге туруп жаткан адамдардын биринин никеге чейинки фамилиясы жазылат. Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.

Жубайынын фамилиясын алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү алмаштырылууга тийиш!

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо арыз ээлеринин кайрылган жери боюнча жүргүзүлөт.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 10 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

Кыргызстанда 105 сом РСК банк аркылуу төлөнөт.

 

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

         Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызы;
  • жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө арызынын жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (өкүмүнүн), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;
  • никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

         Чет мамлекеттин жараны менен никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда чет өлкөлүк жарандын паспорту мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилет, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар тарабынан никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр берилет:

  • арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
  • никелешүү тууралуу күбөлүк.

         Эгерде жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин каалоосу никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

         Никеси чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан катталган, жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жалпы негиздерде жүргүзүлөт:

  • белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен никелешүү тууралуу күбөлүк, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
  • мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен чет өлкөлүк жарандын паспорту, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

         Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • жубайлардын биринин арызы;
  • соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.

         Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусунда жүргүзүлөт.

         Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз;
  • соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
  • мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин), жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
  • жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.

         Чет мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын сотунун никенин бузулгандыгы тууралуу чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

         Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн жубай ушул фамилияны сактап калууга же никеге чейинки фамилиясын кайра алууга укуктуу.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 50 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт. 

Кыргызстанда 105 сом РСК банк аркылуу төлөнөт.

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

         Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
  • эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
  • аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо);
  • ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);
  • жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).

         Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

         Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
  • арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
  • жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо;
  • эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк.

         Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин жаран бир айдын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерин алмаштырууга милдеттүү!

         Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

         Мамлекеттик кызмат көрсөтүү кайрылган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 10 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

Кыргызстанда 105 сом РСК банк аркылуу төлөнөт.

 

Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо

         Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:

  • ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
  • өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
  • өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
  • негизсиз репрессияланган жана кийин “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ;
  • кайрылган жарандын паспорту.
  • чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
  • өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүк;
  • мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
  • качкындын күбөлүгү;
  • “Кайрылман” күбөлүгү.

Жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлүк;
  • жарандыгы жок адамдын жашап туруу укугу.

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
  • өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.

         Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү кайрылган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

         Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 10 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

        Кыргызстанда 105 сом РСК банк аркылуу төлөнөт.

 

Свердловск, Курган, Тюмень жана Челябинск облустарында, ошондой эле Россиянын Пермь аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертебиз.

Кыргызстандын жарандарын айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча Башкы консулдук кабыл алуу шейшемби жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөрүнө көңүл бурабыз.

Айдоочулардын күбөлүктөрүн жаңыртуу төмөнкүдөй себептер боюнча жүргүзүлөт:

1) айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;

2) айдоочунун күбөлүгүндө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөртүлгөндө;

3) айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдалана албай калганда;

4) айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.

Мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда же жоготууда төмөнкү документтерди камсыз кылуу керек:

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз (Башкы консулдукта түзүлөт);

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта, жарандык паспорт);

-Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси тарабынан берилген медициналык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ (№ 003-V/y формасындагы медициналык корутунду) 12 айдан ашпоого тийиш;

- айдоочунун күбөлүгү;

- бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк (бар болсо);

- айдоочунун жеке картасы (бар болсо).

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 25 АКШ доллары, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.

Мамлекеттик алымдын баасы 727.4 сом, Кыргызстанда МБанк аркылуу төлөнөт.

Даяр айдоочунун күбөлүгү Башкы консулдукка почта аркылуу 3 айдын ичинде келерин эскертебиз!!!

 

«Мекен-карт» документине кабыл алуу жөнүндө маалыматтык билдирүү

 

2023-жылдын 13-мартынан тартып Свердловск, Курган, Тюмень жана Челябинск облустарында, ошондой эле Россиянын Пермь аймагында жашаган, мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери мекендеш статусун алуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

«Мекен картасына» тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (автоматташтырылган маалымат системасында жок болгон учурда талап кылынат).

2) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет); 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

-    консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-  туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:  

-өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);

-чет өлкөлүк жарандын паспорту;

-Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-туугандык мамилелерди ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтар өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер);

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (атасы же апасы, чоң атасы же чоң энеси) жана анын көчүрмөсү.

4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

-өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);

-чет өлкөлүк жарандын паспорту;

-Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

-Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Консулдук кызматтын баасы 40 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Централдык банкынын курсу боюнча «Сбербанк» аркылуу төлөнөт.

Мамлекеттик алым 10 589 сомду түзөт, Кыргызстанда РСК, Айыл Банк же Кыргыз почтасына төлөнөт.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: + 7 343 223-68-13, 223-68-14, 227-39-39.