Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына баргандыгы тууралуу пресс-релиз

1276

2022-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - ЦВСИГ) жана ЦВСИГ тарабынан чет өлкөлүк жарандарды жйгаштыруу үчүн убактылуу бөлүнгөн Россиянын ИИМнин Первоуральск шаарындагы УКЖсына кезектеги иш сапары менен барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышып, мекенине тезирээк кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча кеңештерди беришти, ошондой эле алардын көңүлүн Россияда мыйзамдуу каттоого алуу зарылдыгына жана мыйзамдуу жүрүүнүн тартибин жана эрежелерин сактоого бурду.

Андан тышкары ЦВСИГтин башчысынын милдетин аткаруучу М.Ю. Пылаев менен жолугушу өткөрүлдү, анын жүрүшүндө Башкы консулдук менен ЦВСИГдин ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Маалымат үчүн: Учурда Россия Федерациясынын аймагынан депортациялоо боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, Россиянын ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча ЦВСИГинде 15 КР жараны кармалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK